Маалымат бизден башталат

 

Улуттук университет менен Кытайдын Шаньдун университетинин базасында Шанхай Кызматташтык Уюмунун биргелешкен изилдөө борбору ачылды 

28-августта Кытайдын Циндао шаарында илимдин, билимдин, сооданын, экономиканын жана маданияттын интеграциялык өнүгүүсүнө арналган форум өттү.

 

Форумга ондон ашык өлкөнүн өкүлдөрү, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Циндао шаарынын жетекчилиги катышты.

 

Иш-чаранын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун биргелешкен илимий-изилдөө борборун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Документке Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев жана Шаньдун университетинин ректору, академик Ли Шуцай кол коюшту.

 

Жаңы борбор Борбор Азиядагы алгачкы биргелешкен изилдөө аянтчасы болуп саналат. Ал саясат, экономика, гуманитардык илимдер жана технология тармактарында кызматташууну күчөтүп, ШКУнун мүчө мамлекеттери үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого көмөктөшөт.

 

Борбор КУУнун жана Шаньдун университетинин базасында иш алып барат. Анын милдеттерине илимий долбоорлорду биргелешип жүргүзүү, конференцияларды уюштуруу, студенттер менен окутуучуларды алмашуу жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу кирет.

 

Борбордун ачылышы 31-августтан 3-сентябрга чейин Тяньцзинь шаарында өтө турган ШКУнун 25-жыйынына туш келди. Ага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров катышат. Жыйынга Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин төрагалык кылат.

 

Борбордун ишмердиги Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү жаатындагы өкмөттөр аралык макулдашуусу менен жөнгө салынат.

Автор
Редактор
18:38, 29-08-2025

Кылмыш

Спорт

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим