Маалымат бизден башталат

Кыргызстан «Росатомдун» катышуусу менен чакан АЭС куруу долбоорун караштырууда

«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башчысы Алексей Лихачёв чакан кубаттуулуктагы атомдук электростанцияны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга Кыргызстан кызыкдар экендигине ишенерин билдирди.

Анын айтымында, республика кубаттуулугу 300 МВт жогору болгон модулдук станцияны куруу жана аны жайгаштыруу үчүн мүмкүн болгон аянтчаларды аныктоого байланышкан сунуштарды изилдөөнүн үстүндө турат.

«Бул жерде сейсмикалык активдүүлүк бар, бирок биз аны менен кантип иштешүү керектигин билебиз. Мындай станция Кыргызстанда иштей баштаса, ал жалпы экономиканы өнүктүрүүгө — энергия менен камсыздоого да, кадрларды даярдоого да, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн дагы кубаттуу импульс болуп берет. Менимче мындай чечимдин чыгарылышына аз калды», - деп белгиледи Алексей Лихачёв.

Анын айтымында «Росатом» Кыргызстандагы өзүнүн долбоорлоруна колдоо көрсөтүп, шыктангандырып турат. Республика боюнча корпорациянын негизги багыты болуп мурдагы уран калдыктарын калбына келтирүү саналат. Ошондой эле келечекте шамал генерациясын өнүктүрүү, чакан кубаттуулуктагы атомдук электр станцияны куруу жана заманбап ядерлик медициналык борборду түзүү долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылууда.

Автор
Редактор
11:59, 20-08-2025

Кылмыш

Спорт

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим