Маалымат бизден башталат

«Рух Санат»: 14 өлкөнүн ичинен кыргыз комузчулары башкы жеңишти багынтты

 

Ысык-Көл жээгинде өткөн дүйнөлүк «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында эл аралык аткаруучулук сынак жыйынтыкталды. 14 өлкөдөн келген 82 катышуучунун арасынан баш байгени Кыргызстандын «Акак» комузчулар ансамбли жеңип алды. Аларга 500 миң сом ыйгарылды.

 

Эки күнгө созулган чыгармачыл таймашта Япония, Индия, Египет, Польша, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн келген таланттар өз өнөрүн көрсөтүштү. Кыргызстандын атынан 3 жеке аткаруучу жана 3 чыгармачыл топ катышты. Алардын арасында дагы үч аткаруучу жана «Кербез» ансамбли байгелүү орундарга ээ болушту.

 

Калыстар тобу музыка таануучулардан жана салттуу искусство адистеринен куралып, баалоо 10 баллдык жашыруун система аркылуу жүргүзүлдү.

 

Финалдык концерт жана сыйлык тапшыруу аземи 3-августта «Рух Ордо» маданий борборунда өтүп, иш-чара түз эфирде чагылдырылды.

 

Фестивалдын уюштуруучулары «Рух Санатты» ар эки жылда бир өткөрүүнү жана кийинки жолу этникалык бийге арналган иш-чара уюштурууну пландап жатышат.

Автор
Редактор
15:31, 04-08-2025

Кылмыш

Спорт

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим