“Манас” эл аралык аэропортуна алгачкы жолу COMAC C919 жүк учагы келди!
Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортуна Кытайдын алдыңкы авиациялык концерни COMAC (Commercial Aircraft Corporation of China) тарабынан өндүрүлгөн заманбап, тар кабинасы бар реактивдүү жүк учагы — COMAC C919 алгачкы жолу келип конду. Рейсти YTO Airlines авиакомпаниясы аткарды.
Бул маанилүү окуя Кыргызстандын авиация инфраструктурасынын өнүгүүсүндө жаңы этапты баштап, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.
Бул жүк учагында туруктуу чартердик рейстердин ачылышы жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, логистикалык натыйжалуулукту жогорулатууга жана аймактын экономикалык өсүшүнө түрткү бермекчи.
Туруктуу каттамдардын расписаниеси учурда түзүлүүдө жана жакынкы убакта жарыяланат.