Маалымат бизден башталат

Легенданын элесине арналган турнир: Бишкекте Митал Шариповду эскерүү боюнча республикалык оор атлетика турнири болуп өттү


12,13,14-июль күндөрү борбор калаада Кыргызстандын спорт тарыхында терең из калтырган көрүнүктүү спортчу жана машыктыруучу Митал Шариповдун жаркын элесине арналган оор атлетика боюнча республикалык турнир болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Оор атлетика федерациясынын президенти Тариэл Абдыкадыров төмөнкүлөрдү билдирди:
“Биздин максат — оор атлетика боюнча турнирлерди эл аралык деңгээлге чыгаруу. Биз бул этап менен гана чектелбейбиз. Биз муну бардык облустарда жана райондордо өткөрүүнү көздөп жатабыз. Бул жаштар үчүн мотивация. Биз жаштар башка спорт түрлөрүн гана эмес, оор атлетиканы да тандаш үчүн аракет кылып жатабыз”.
Иш-чара жаңы кеңири форматта биринчи жолу өткөрүлүп, республиканын бардык облустарынан жаш оор атлеттер келип катышышты.
Каныбек Осмоналиев, оор атлетиканын ардагери:
«Оор атлетика боюнча турнир биринчи жолу мындай жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатат. Мен абдан кубанычтамын — мындай иш-чара Кыргызстандын тарыхында болгон эмес.
Мени эң кубантканы — бул спорттук иш-чара Митал Шариповдун элесине арналып жатканы. Биздин Митал Кыргызстандын көп жолку чемпиону жана рекордчусу, ошондой эле Азия чемпиону болгон эң өжөр спортчулардын бири болчу».
Турнир кыргыз оор атлетикасынын келечектеги жылдыздары үчүн маанилүү аянтчага айланып, спортчуларды, машыктыруучуларды жана күйөрмандарды бириктирди.
Турнирдин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
Жалпысынан 6 агым болду.
48 кг салмак категориясы боюнча:
3-орун — Пахнутова Роза (Ош)
2-орун — Касымова Ализа (Ош)
1-орун — Абдыгазиева Бегимай (Нарын)
49 кг:
3-орун — Саманбеков Усман (Токтогул)
2-орун — Эргешбаев Рамзан (Токтогул)
1-орун — Бактыбек уулу Умар (Ынтымак)
53 кг:
3-орун — Шайлообаева Акылай (Ынтымак)
2-орун — Жапарова Тумара (Ысык-Көл)
1-орун — Амангелдиева Айдай (Ош)
56 кг:
3-орун — Суйеркулов Нурислам (Тогуз-Торо)
2-орун — Бактыбеков Эрнис (Ынтымак)
1-орун — Калыбеков Турдубек (РСК)
60 кг:
3-орун — Жамалов Мирланбек (Баткен)
2-орун — Эсенгелдиев Нурмамат (Токтогул)
1-орун — Омуржанов Арсен (Бишкек)
63 кг:
3-орун — Мамбеталиева Аделина (Ош)
2-орун — Зарылбекова Амира (РСК)
1-орун — Байгачева Аниссия (Бишкек)
65 кг:
3-орун — Шарипов Арсен (РСК)
2-орун — Молдодосов Арслан (Бишкек)
1-орун — Иманалиев Дастан (Ынтымак)
69 кг:
2-орун — Шакирова Анара (Бишкек)
1-орун — Мамбетказиева Саида (Бишкек)
77 кг:
2-орун — Абжалова Жумалина (Ынтымак)
1-орун — Женишбек Жамиля (Бишкек)
77+ кг:
3-орун — Чолпонбаева Бегимай (Ынтымак)
2-орун — Расулбек кызы Роза (Бишкек)
1-орун — Байгачева Агата (Бишкек)
Үч күндүн ичинде жаш спортчулар күчүн, мүнөзүн жана спортко берилгендигин көрсөтүштү. Алар көрүүчүлөргө күчтүү эмоция жана чыныгы спорттук майрамдын унутулгус атмосферасын тартуулашты.

Автор
Редактор
14:22, 16-07-2025

Спорт

Дүйнөдө

Кылмыш

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим