Маалымат бизден башталат

Улуттук гвардиянын Кубогу үчүн спорттук турнир башталды

2025-жылдын 15-июлунда КР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн базасында Улуттук гвардиянын Колбашчысынын Кубогуна арналган спорттук турнир башталды. Мелдеш волейбол, кичи-футбол, сууда сүзүү жана Макаров тапанчасынан ок атуу түрлөрү боюнча өтүүдө.

 

🎖 Турнир жыл сайын 20-июлда белгиленүүчү Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнүнө карата өткөрүлүп келет. Бул иш-чара аскер кызматчыларынын ден соолугун чыңдоо, спорттук деңгээлдерин жогорулатуу, физикалык даярдыгын бекемдөө, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана спорттук байланыштарды өнүктүрүү максатын көздөйт.

 

👥 Жалпысынан мелдешке 13 команда катышууда. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор жана ар кандай даражадагы дипломдор менен сыйланышат.

 

🏁 Турнир 18-июлда жыйынтыкталат.

Автор
Редактор
14:18, 16-07-2025

Спорт

Дүйнөдө

Кылмыш

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим