Маалымат бизден башталат

ЕАЭБде учкучсуз авиациянын келечеги жана коопсуздугу боюнча резолюция кабыл алынды

10–11-июль күндөрү Евразия экономикалык комиссиясында жарандык авиациядагы учкучсуз авиациялык системалар боюнча тегерек стол өтүп, анда ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул тармакты өнүктүрүү, жөнгө салуу жана коопсуздук маселелери талкууланды.

 

Иш-чара Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлүнүн төрагалыгы алдында өтүп, жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде учкучсуз учуучу аппараттарды жарандык максатта колдонуудагы учурдагы абал, келечеги жана алардын коопсуздугун камсыздоо маселелери каралды.

 

«Санарип доорунда жана логистикалык чечимдерге болгон муктаждык өсүп жаткан шартта, учкучсуз технологиялар транспорт тармагын өнүктүрүүдө, коопсуздукту жогорулатууда жана чыгымдарды азайтууда маанилүү ролду ойнойт», — деп белгиледи иш-чаранын төрагасы.

 

Тегерек столдо ИКАО, МАК жана ИАТА сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да сөз сүйлөп, дүйнөлүк тажрыйба жана эл аралык жөнгө салуу боюнча актуалдуу маселелерди сунушташты.

 

Жыйынтыгында катышуучулардын сунуштары камтылган Резолюция кабыл алынып, анда учуулар коопсуздугун камсыздоочу нормативдик актыларды шайкеш келтирүү, санариптик технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти пайдалануу боюнча бир катар сунуштар жана тыянактар берилди.

Автор
Редактор
17:27, 11-07-2025

Спорт

Дүйнөдө

Кылмыш

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим