Ишкер Аскарбек Күрүчбеков Балыкчыга заманбап китепкана ачып, мектепке өткөрүп берди
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ишкер Аскарбек Күрүчбеков тарабынан жаңы заманбап “TIGIBOOKS” китепканасы ачылды. Ал китепкана Шаршеналы Күрүчбеков атындагы №9 мектепке өткөрүлүп берилди.
Ишкердин айтымында, бул демилге жаштарды билим алууга шыктандыруу жана китеп окууга кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт:
“Биздин максат – жаштардын китепке болгон сүйүүсүн арттырып, билим алууга үндөө,” — деди Аскарбек Күрүчбеков.
Мектеп окуучулары жаңы китепканага абдан кубанып жатышат. Алар заманбап шарттагы, ыңгайлуу жана ар түрдүү китептер менен жабдылган бул жай билим алууга чоң жардам берерин белгилешти.
Ачылыш аземге Балыкчы шаарынын мэри жана акын Баян Ахматов жана белгилүү актерлор катышып, иш-чара концерттик программа менен коштолду. Жергиликтүү тургундар жана мугалимдер мындай саамалык билим берүү тармагына кошкон чоң салым экенин белгилешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram