Маалымат бизден башталат

Шопоков шаарынын мэри коррупцияга шектелип кармалды

2025-жылдын 3-июлунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Шопоков шаарынын мэри «С.Н.С.» жана мэриянын мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси «К.А.А.»ны кармады. Алар мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шектелүүдө.

 

УКМК тараткан маалыматка ылайык, 2023-жылдан бери Шопоков шаардык мэриясы тарабынан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерлер өткөрүлүп, «Юниверсал Сервис» жана «Матумба» аттуу компаниялар дайыма жеңүүчү деп табылып келген.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, бул компаниялар формалдуу түрдө мэриянын адиси К.А.А.нын классташтары болгон жарандардын атына катталып, иш жүзүндө мэр жана адис тарабынан башкарылып турган. Аталган эки компания жасалма жеткирүүлөрдү уюштуруп, бул аркылуу мамлекеттик бюджеттен акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетишкен.

 

Алынган каражаттар мэриянын айрым кызматкерлери арасында бөлүштүрүлгөнү жана формалдуу директор катары көрсөтүлгөн А.А.М.ге ар бир жасалма келишимден 1 миңден 5 миң сомго чейинки сый акы берилип турганы да аныкталды.

 

Мындан тышкары, мэр өзүнүн жакын тууганын мыйзам бузуу менен айдоочу кызматка дайындап, ал бир убакта эки жерден – мэриядан жана «Шопоков-Унаа» муниципалдык ишканасынан – айлык алып келген.

 

Алдын ала аудиттик текшерүүдө мамлекетке келтирилген зыян 9 миллион сомдон ашары белгилүү болду.

 

Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Автор
Редактор
11:27, 04-07-2025

Спорт

Дүйнөдө

Кылмыш

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим