Бийчи Жан Воинов мейманканада үч кыз менен болгон окуяга байланыштуу кармалды
Бийчи Жан Воинов мейманканада үч кыз менен болгон окуяга байланыштуу кармалды
Ал бейбаштыкка шектелүүдө. Буга чейин блогерлердин бири мейманканада белгисиз адамдар аларды сабап, бассейнге түртүп жибергенин билдирген. Милиция буга чейин шектүүлөрдүн бири кармалганын айткан.
Маалымат үчүн:
Бишкекте жайгашкан Sheraton мейманканасында 2025-жылдын 30-июнунда таңга жуук катуу жаңжал орун алып, үч кыз сабалды. Бул тууралуу жабыркаган тараптардын бири Алина Жакыпова социалдык тармактагы баракчасына ачык билдирүү жазып чыкты.Анын айтымында, ал курбулары Камилла Орконова жана Биназир Уланбекова менен мейманкананын бассейниндеги эс алуу учурунда мас абалдагы Зарина Алмасова аларды сөгүнүп-кордой баштаган. Муну менен токтобой, Зарина өзүнүн бир тууганы Рустем Алмасовду жана башка жети эркекти чакырып, жалпысынан 8 эркек үч кызды үч жолу сабаганы айтылат.Жабыркагандардын билдирүүсүнө ылайык, окуя үч саатка созулуп, аларды коркутуу, телефон тартып алуу, жанга коркунуч келтирүү аракеттери да болгон. Арасында Жан Воинов аттуу жаран муздак курал (бычак) көтөрүп жүргөнү айтылат.Кийинчерээк окуяга байланыштуу видео тасмалар интернетке тарады. Видеодо бир жигит кыздарды сууга ыргытып, андан соң фойеде мушташ уланганын көрүүгө болот.Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Первомай райондук ички иштер бөлүмү расмий билдирүү таратты. Анда окуя 30-июнь күнү саат 01:00 чамасында болгондугу жана жабыркаган үч кыз милицияга арыз менен кайрылганы маалымдалат.Тергөө иштеринин жыйынтыгында, кыздарды сууга ыргытканы видеодон аныкталган 31 жаштагы А.Р. аттуу жаран 1-июлда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ал 1 айга СИЗО-1ге камалды.Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Хулигандык) жана 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн аныктоо иштери улантылып жатат.