Маалымат бизден башталат

"Эвакуация — тартип үчүн керек чара". Бакай Өмүралиев депутат Бекешевке жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев автоунааларды эвакуациялоо "мамлекеттик бизнеске айланды" деп сындап чыккандан кийин, Бишкек шаардык мэриясынын алдында иш алып барган “Жол-транспорт инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакай Өмүралиев анын дооматтарына так жана негиздүү жооп берди.

Өмүралиевдин айтымында, автоунааларды эвакуациялоо — айдоочуларды куугунтуктоо же киреше табуу аракети эмес, бул шаарда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо үчүн зарыл чара.

“Биз жол белгилерин тоготпой, мыйзам бузуп токтотулган унааларды гана эвакуациялайбыз. Тротуарларды, жашыл зоналарды, тез жардам өтө турган жолдорду тосуп калган унаалар шаар жашоочулары үчүн чыныгы көйгөй жаратат. Мына ошол учурларда гана эвакуация колдонулат. Эгер унаа туура жерге токтотулган болсо, ага эч ким тийбейт,” — деди Өмүралиев.

Ал кошумчалагандай, эвакуация — жарандардын коопсуздугуна жана шаардын жол кыймылынын эркин жүрүшүнө шарт түзөт. Өзгөчө оорукана аймактарында, тез жардам кызматтарынын ишин жеңилдетүүдө бул кызматтын мааниси чоң.

“Тартип болмоюнча өнүгүү болбойт. Бишкекти таза, тыкан жана эрежелүү шаарга айлантуу үчүн кээде катаалдашкан чараларга да барууга туура келет. Биздин максат — элге зыян келтирүү эмес, тескерисинче, алардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү,” — деди Өмүралиев.

Ал ошондой эле депутат Дастан Бекешевге кайрылып, Бишкек шаарында жүргүзүлүп жаткан оң иштерге да көңүл бурууну суранды. “Биз сын-пикирге ачыкпыз, бирок конструктивдүү баарлашуу маанилүү. Бишкекти жакшы жакка өзгөртүү үчүн бирге иштешүү керек,” — деди ал.

Автор
Редактор
19:25, 19-06-2025

Саясат

Спорт

Экономика

Кылмыш

Илим-билим

Коом

Дүйнөдө