Таласта дарыгерлердин жетишсиздиги: Эрмат Джумаев КММА менен кызматташтыкты талкуулады
18-июнь күнү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) КР Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев академиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова баштаган жетекчилик менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун максаты — медициналык билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында КММА менен Талас облусунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болду. Учурда облуста дарыгерлердин жетишсиздиги курч маселелердин бири бойдон калууда.
Эрмат Джумаевдин айтымында, Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен КММАнын бүтүрүүчүлөрү Талас облусунда иштөө келишимине кол койсо, аларга каржылык колдоо көрсөтүлөт. Тактап айтканда, аймактык фонддун эсебинен 25 жаш адиске үч жыл бою ай сайын 40 миң сомдон кошумча каражат берилет. Мындан сырткары жаш дарыгерлерге турак жай жана башка зарыл шарттар камсыздалат.
Ошондой эле быйыл Таластын 200 мектеп бүтүрүүчүсүн КММАга кабыл алып, алардын окуу чыгымдары толук каржыланары белгилүү болду.