Маалымат бизден башталат

Кызды күч менен алып кетебиз дешип. Базар-Коргондо болгон атышууга байланыштуу эки жаран камакка алынды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда орун алган атышууга байланыштуу эки жаран кармалып, учурда камакта. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган тургуну Базар-Коргон райондук милициясына арыз менен кайрылган. Арыз ээси билдиргендей, ал 2000-жылы туулган дагы бир жаран менен Бишкек–Ош жолунун боюнда турган учурда, кара түстөгү Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз эки жигит келип, алардын Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаасындагы кызды күч менен алып кетүүгө аракет кылышкан.

Арызга ылайык, шектүүлөрдүн бири жабырлануучунун башына бир жолу урган. Экинчиси болсо тапанчага окшош предметти чыгарып, коркутуп, аны менен бир нече жолу атканга аракет кылып, андан соң куралдын сап тарабы менен башына чаап, жаракат келтирген.

Окуя болгон жерден кийин жабырлануучулар медициналык жардам алуу үчүн Базар-Коргон райондук ооруканасына кайрылышкан. Алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң алар үйлөрүнө чыгарылган.

Бул факт боюнча ошол эле күнү тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, окуя Базар-Коргон РИИБдин электрондук каттоо журналына катталган. Тергөөнүн жүрүшүндө Сузак районунун 1994 жана 1997-жылы туулган тургундары шектүү катары кармалып, учурда камакта. Аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча иш козголуп, тергөө амалдары уланууда.

Автор
Редактор
16:01, 19-06-2025

Спорт

Экономика

Кылмыш

Дүйнөдө

Саясат

Коом

Илим-билим