КУУ дүйнөлүк университеттер рейтингине кирди – ректордун катышуусунда пресс-конференция өтөт
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети дүйнөлүк деңгээлдеги QS World University Rankings (QS WUR) рейтингине кирди. Бул окуяга байланыштуу 2025-жылдын 20-июнунда, саат 10:00дө, КУУнун башкы окуу корпусунда атайын пресс-конференция уюштурулат.
Иш-чарага университеттин ректору, профессор Догдурбек Токтосартович Чонтоев катышат. Ал КУУнун эл аралык рейтингге кандай жол менен, кайсы критерийлердин негизинде киргенин жана алдыдагы максаттары тууралуу маалымат берет.
📞 Кошумча маалымат үчүн байланыш: 0554 44 55 66
Автор
Редактор
15:03, 19-06-2025