Маалымат бизден башталат

«Суммасы «секрет» болсун». Министр мугалимдердин айлыгы жогорулай турганын билдирди

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева социалдык тармактагы баракчасында маанилүү кабар менен бөлүштү.

«Урматтуу агартуучулар жана методисттер!  2025-2026 окуу жылында сиздердин айлык жогорулайт. Бул колдоо чечими үчүн президентке жана Министрлер кабиненетинин жетекчисине жалпы агартуучулардын атынан ыраазылык билдирем. 

Акыркы жылдары билим берүүнүн сапатын жакшыртууга мамлекеттик деңгээлде олуттуу колдоолор жүрүп жатат. Ошондой эле райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүн, облустук мугалимдерди өнүктүрүү борборлорун автотранспорт менен камсыз кылуу маселеси чечилүүнүн алдында. Бул системалык колдоо бизди шыктандырат жана эмгекке болгон мамилебизди, жоопкерчиликти жогорулатат!!

Урматтуу кесиптештер, бизге күчтүү жана жаратмандардын келишин күтөбүз. Окуу жыл ичинде орун жок калса таарынмай жок. Азыртадан ойлонгула. Айлыктын суммасын айтпай эле коёюн, ал “секрет”. Бул колдоо мыкты агартуучулардын келишине жана жаратмандыкка жол ачат! Эми агартуучунун баркы жогорулап, орун талашкандар көбөйүп, биз келечек муундарга мыкты билим тартуулоо кудуретине ээ болобуз. Агартуучу- ардактуу, асыл кесип!

Билим уясында кокустан, адашып келгендер иштебеши керек. Балага жан дүйнөсүн арнап, билим берген мугалимдер көбөйсүн. Агартуучунун эмгегин баалаган, барктаган доор келди»,- деп жазды ал.

Автор
Редактор
15:15, 18-06-2025

Коом

Кылмыш

Дүйнөдө

Спорт

Экономика

Саясат

Илим-билим