Колдойсузбу? Парламентте энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушталды
Маселени депутат Бакытбек Марипов көтөрүп, аталган суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу керектигин айтты.
"Жаштардын арасында боор, жүрөк, бөйрөк оорулары көп катталып жатат. Мектеп окуучуларынын, такси айдоочуларынын арасында бул суусундук өтө көп колдонулуп жатыптыр", — деди Марипов.
Бул маселе мурда да көтөрүлүп, жакында эле аны жарнамалаган жеке жактарга 15 миң, юридикалык жактарга 35 миң сомго айып салуу сунушталган.
Автор
Редактор
15:11, 18-06-2025