Сиань шаарында Кыргызстан Борбору ачылды
2025-жылдын 14-июнунда Сиань шаарындагы Түндүк-Батыш Политехникалык университетинде Кыргызстан Борбору ачылды. Бул салтанаттуу иш-чара Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы билим берүү жана илимий кызматташтык боюнча өткөн экинчи эл аралык конференциянын алкагында өттү.
Ачылыш аземине Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Улуттук илимдер академиясы, КУУнун ректору А.Т. Чонтоев жана Кытай, Казакстан, Алжир сыяктуу өлкөлөрдүн илимпоздору катышты. Ошондой эле, А.Т. Чонтоев аталган университеттин аналитикалык платформасына расмий эксперт катары киргизилди.
Кыргызстан Борбору кыргыз тилин жана маданиятын жайылтууну, биргелешкен илимий-билим берүү программаларын ишке ашырууну жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү көздөйт.