Маалымат бизден башталат

Улуттук педагогикалык модел сунушталган эл аралык конференция өттү

2025-жылдын 27-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) "Ааламдашуу доорундагы улуттук педагогиканын абалы, өнүгүү тенденциялары" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп, анын алкагында Кыргыз Республикасындагы педагогиканын улуттук модели сунушталды.

 

Конференция КР Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу жана университеттин 100 жылдык мааракесине карата уюштурулду. Иш-чарага Кыргызстандын 17, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын 7 жогорку окуу жайларынан көрүнүктүү окумуштуулар жана педагогдор катышты.

 

Конференциянын негизги окуясы катары профессор Н.А. Асипова иштеп чыккан жана коомчулукка биринчи жолу сунушталган "Кыргыз Республикасындагы педагогиканын улуттук модели" болду. Модель билим берүү системасын модернизациялоо, улуттук баалуулуктарга негизделген тарбия берүүнү күчөтүү жана "Унгужол" идеологиясын ишке ашыруу максатын көздөйт.

 

Пленардык жыйын учурунда КУУнун ректору Д.Т. Чонтоев, Казакстандын жана Кыргызстандын көрүнүктүү педагог-илимпоздору баяндама жасашып, эл аралык тажрыйбаларды бөлүшүштү. Конференцияда жалпы 133 илимий макала 7 секцияда талкууланып, заманбап билим берүүдөгү маанилүү маселелер көтөрүлдү.

 

Жыйынтыгында, улуттук педагогикалык моделди ишке ашыруу боюнча резолюция кабыл алынып, билим берүү мекемелеринин ортосунда кызматташууну тереңдетүү жана улуттук тарбияны билим берүү мазмунуна интеграциялоо боюнча сунуштар айтылды.

 

Иш-чара болочок мугалимдердин ант берүү аземи, стартап көргөзмөлөр жана КУУнун тарыхын чагылдырган маалыматтык экспозициялар менен коштолду.

Автор
Редактор
10:34, 29-05-2025

Спорт

Коом

Кылмыш

Саясат

Илим-билим

Экономика

Дүйнөдө