Маалымат бизден башталат

Насаатчылыктын күчү: Айымдар бизнесте жаңы бийиктиктерди багындырууда

Айымдардын ишкердигин колдоо максатында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Бизнестеги айымдар” насаатчылык программасы 2024-2025-жылдагы сезонун ийгиликтүү жыйынтыктады. Бул демилге өлкөдөгү экономикалык өсүшкө жана аялдардын ишкердигин бекемдөөгө багытталган.


Насаатчылык программасынын максаттары жана ийгиликтери

Программанын акыркы этабына өндүрүш, медицина, билим берүү, соода, туризм жана санариптик технологиялар тармагындагы 38 ишкер айым катышты. Жети ай бою алар Кыргызстандын, Европанын, Азиянын жана Африканын тажрыйбалуу насаатчылары менен тыгыз иштешип, бизнес жөндөмдөрүн жана оперативдик көрсөткүчтөрүн олуттуу түрдө жогорулатышты.

Программанын алкагында онлайн жана оффлайн тренингдер, кросс-насаатчылык сессиялар, өндүрүш ишканаларына экскурсиялар, эртең мененки бизнес жолугушуулар жана мониторингдик саякаттар сыяктуу 75 иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чаралар катышуучуларга башка ишкерлердин тажрыйбалары менен таанышып, пикир алмашууга жана өнүмдөр же кызматтар боюнча өз ара колдоого мүмкүнчүлүк түздү.

ЕРӨБдүн “Чакан бизнеске кеңеш” программасынын жетектөөчү менеджери Бакай Жунушов белгилегендей, бул программа республиканын бардык аймактарын камтып, башталышынан бери 300гө жакын тажрыйбалуу насаатчы жана лидер айымдарды тартты. Катышуучулар окуу материалдарына, тажрыйбалык тренингдерге жана эл аралык экспертизага жеткиликтүүлүк алышып, бул алардын ишканаларынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.


Программанын таасири жана алдыга койгон максаттар

Программанын жыйынтыгында бир катар олуттуу көрсөткүчтөр байкалды:

  • Катышуучулардын 60%ы жаңы рынокко чыкты.
  • 66%ы продукциянын ассортиментин кеңейтти.
  • Сатуунун көлөмү 77%га көбөйдү.
  • Рентабелдүүлүк 66%га жогорулады.
  • Бизнес процесстерди автоматташтыруу 60%га жакшырды.
  • 94%ы ички тартипти иштеп чыкты.
  • 34%ы инновацияларды жайылтты.
  • 86%ы өздүк брендинин таанылышы жогорулагандыгын билдирди.
  • 29%ы кошумча каржылоону тартты.
  • 100%ы жеке өсүш байкалганын белгиледи.
  • 83%ы эмгек акы фонду көбөйдү.
  • 69%ы кызматкерлеринин потенциалы жогорулады.
  • Сезон ичинде жалпысынан 90дон ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Насаатчылык программасы ишкер айымдарга бизнести кеңейтүүдө жана жеке өсүүдө чоң ишеним берди. Мисалы, “Умка Kids” мектепке чейинки мекемесинин негиздөөчүсү Майрам Төрөбекова насаатчынын кеңештеринин аркасында команданы бекемдеп, кошумча кызматтарды киргизип, кардарлардын базасын кеңейтүүгө жетишкенин айтты. Ошондой эле, ал масштабдан коркуу сезими жоюлуп, бала бакча үчүн имарат сатып алуу сыяктуу маанилүү кадамдар жасалганын белгиледи.


Келечекке карай

“Бизнестеги айымдар” насаатчылык программасы Кыргызстанда 2019-жылдан бери Ишкер аялдарды каржылоо демилгеси (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБ Чакан бизнеске таасир берүү фонду аркылуу ишке ашырылып келет. Программанын ушул сыяктуу ийгиликтери Кыргызстандагы ишкер айымдардын жаңы жеңиштерге шыктанып, экономикалык өнүгүүгө чоң салым кошуусун камсыздайт.

Автор
Редактор
16:02, 21-05-2025

Спорт

Дүйнөдө

Кылмыш

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим