Дубайда ЕАЭБнин логистикалык артыкчылыктары талкууланды
Дубай шаарында өтүп жаткан Глобалдык логистикалык конференцияда Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлү “Транспорт жана логистика – евразиялык интеграциянын туруктуу негизги элементтери” темасында баяндама жасады.
Пленардык жыйында ал дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөрдүн шартында туруктуу жеткирүү чынжырлары, санариптик трансформация жана инфраструктуралык байланыштар Евразия мейкиндигиндеги атаандаштыкты жогорулатуу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Ошондой эле ЕЭК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер – электрондук транспорттук коштомо кагаздардын (e-CMR) киргизилиши, интеллектуалдык транспорттук системалар жана евразиялык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча комплексүү план тууралуу маалымат берилди.
«Транспорт жана логистика — заманбап дүйнөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы. Бул тармактагы ишенимдүүлүк экономикалык туруктуулуктун жана өлкөлөр ортосундагы ишенимдин негизин түзөт», — деп белгиледи баяндамачы.
Ал өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого жана глобалдык логистикалык архитектураны бекемдөөгө даяр экенин билдирди.