Маалымат бизден башталат

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы "Кыргызиндустрия" ААКсынын ишмердүүлүгүн текшерди

Бишкек, 2025-жылдын 17-апрели – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин бүгүнкү кезектеги отурумунда 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки аралыктагы “Кыргызиндустрия” Ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин отчету каралды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын аудитору Пардаали Батиров баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, “Кыргызиндустрия” ААКсынын негизги максаты өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду натыйжалуу башкаруу болуп саналат. Коом тарабынан жалпы 57 туунду ишкана түзүлгөн, бирок 2023-жылы алардын 6сынан 8,3 млн сом, ал эми 2024-жылы 4 туунду ишканадан 56,5 млн сом гана киреше алынган.

Аудиттин жыйынтыгында “Кыргызиндустрия” ААКсынын жана анын туунду ишканаларынын ишмердүүлүгүндө бир катар олуттуу дал келбестиктер жана каржылык тартип бузуулары аныкталды. Алардын жалпы суммасы 19 042,0 миң сомду түздү. Атап айтканда:

  • Эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 1 391,2 миң сом;
  • Нак акча каражаты жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгышы - 911,0 миң сом;
  • Отчет берилбеген подотчеттук суммалар - 708,7 миң сом;
  • Соцфондго кошумча чегерилген кирешелер - 692,9 миң сом;
  • Салык мыйзамдарын бузуулар - 291,4 миң сом;
  • Продукцияны өздүк наркынан төмөн сатуу – 977,7 миң сом;
  • Аткарылган капиталдык оңдоо иштердин көлөмүн жогорулатуу - 7 371,7 миң сом;
  • Кирешени азайтуу - 3 985,6 миң сом;
  • Бухгалтердик эсептин отчеттуулугунун бузулушу - 2 711,8 миң сом.

Мындан тышкары, аудит коом тарабынан жүргүзүлгөн сатып алууларда, мүлктү ижарага берүүдө жана уставдык капитал менен иштөөгө байланыштуу бир катар процедуралык бузууларды аныктады. Ошондой эле аткаруучу ишканаларга негизсиз аванстык төлөмдөрдүн берилиши, каражаттардын натыйжасыз пайдаланылышы жана дебитордук-кредитордук карыздардын көбөйүшү белгиленди.

Эсептөө палатасынын Кеңеши аудиттин жыйынтыктары боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алып, отчетто көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча жооптуу тараптарга чара көрүү сунуштарын иштеп чыкты. Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетине жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет.

Автор
Редактор
18:03, 17-04-2025

Экономика

Илим-билим

Дүйнөдө

Саясат

Кылмыш

Спорт

Коом