Маалымат бизден башталат

Кыргызстанда алгачкы ирет: Grammy коучунун дүйнөлүк вокалдык долбоору

1-2-апрель күндөрү Бишкекте дүйнөлүк жылдыздардын вокалдык коучу, GRAMMY академиясынын мүчөсү жана GrammyU ментору Карина Купердин уникалдуу эки күндүк мастер-классы өтөт.

Өтө турган жери: Кыргыз улуттук "Манас" театры

Башталышы: 11:00

Карина Купер – дүйнө жүзү боюнча 50 000ден ашуун окуучуну окуткан, Tom Jones, Eric Benet, Dave Koz сыяктуу атактуу артисттер менен иштеген вокалдык коуч. Ал Jennifer Lopez, Celine Dion, Beyoncé, Lady Gaga, Miley Cyrus сыяктуу жылдыздардын мугалимдеринен билим алган.

Мастер-класстын программасы:

Вокалдык остеопатия – үн менен иштөө боюнча революциялык ыкма;

Дем алуу илими – Биофоника – үн көзөмөлдөө жана өнүктүрүү техникасы.

Бул мастер-класс артисттер, вокалисттер, актерлор, теле- жана радиожурналисттер, педагогдор жана үнүн жаңы деңгээлге чыгаргысы келгендер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Орундар чектелүү!

Катышуу үчүн байланыш номери: 0777 977 888

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Кыргызстандагы Карина Купер ыкмасынын расмий өкүлү – Виктория Кочкорбаева.

Автор
Редактор
09:38, 18-03-2025

Экономика

Дүйнөдө

Саясат

Илим-билим

Спорт

Коом

Кылмыш