“Ала-Тоо” породасындагы койлорго патент алуу укугу берилди
Кой чарба тармагындагы селекциялык жетишкендигине укуктук статус берүү максатында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институттунун Илимий-техникалык кеңеши жаңы кыргыз эт-май “Ала-Тоо” породасындагы койлорунун апробация (сыноодон) боюнча Комиссиянын жыйынтыгын карап, жаңы кыргыз эт-май “Ала-Тоо” породасына укуктук статус берүүгө оң добуш берилди.
Эми кыргыз эт-май багытындагы “Ала-Тоо” породасындагы койлорго патент алууга болот.
Маалымат үчүн: “Ала тоо” породасы жергиликтүү кыргыз койлоруна Гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу менен алынган эт-май багытындагы жаңы тукум болуп саналат.
Автор
Редактор
13:37, 28-02-2025