Жылдызбек Абдраимов милициянын Генерал - майору Курманкулов Самат Ажыгуловичти майрамы менен куттуктады
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов милициянын Генерал - майору Курманкулов Самат Ажыгуловичти 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен анын коомдук коопсуздукту камсыздоодогу жана укук тартибин орнотуудагы зор салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн Бишкек шаардык кеңешинин “Патриот” төш белгисин тапшырып куттуктады.
Курманкулов Самат Ажыгулович жаш курагына карабай, ден соолугуна байланыштуу кызматын уланта албай калса да, анын укук коргоо органдарында аткарган кызматтары жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүсү баа жеткис. Ал өзүнүн кызматында жогорку кесипкөйлүгү жана патриоттук сезими менен көптөгөн кесиптештерине үлгү болуп келет.
Сыйлык үй шартында, жакындарынын ортосунда тапшырылды. Курманкулов Самат Ажыгуловичке көп жылдык кызматы жана коомдук коопсуздукту камсыздоодогу эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирип, үй- бүлөсүнө , өзүнө ийгилик, бекем ден соолук каалады.