Маалымат бизден башталат

5-марттан тарта Улуттук университетте жума күндөрү бардык окутуучу, студенттер улуттук кийим кийип келишет

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында 2025-жылдын 20-февралынан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетте төмөндөгүдөй иш-чаралар аткарыла баштады: 
1. Иш кагаздарынын бардык түрлөрү мамлекеттик тилде жүргүзүлө баштайт. 
2. Окутуучу-профессордук курамды жумушка кабыл алууда алардын кыргыз тилин билүү деңгээли аныкталат. Ушул эле эрежелер студенттер менен магистранттарды, аспиранттар менен докторанттарды окууга кабыл алууда жана калыбына келтирүү/которулуп келүү процессинде да колдонулат. Ал эми чет мамлекеттен келген студенттер адегенде окуу жайда уюштурулган алты айлык курстарда кыргыз тилин үйрөнүп, анан окуй башташат.
Кызматкерлер менен студенттердин кыргыз тилин билүү деӊгээли тест аркылуу аныкталат.
3. 5-март - Ак калпак күнүнөн тартып университеттин бардык окутуучу-профессорлору, кызматкерлери жана студенттери ар бир жума күндөрү улуттук кийим кийип келишет.
Бул иш-чаралардын негизги максаты -  Улуттук университеттеги билим берүү жана таалим-тарбия ишинде улуттук баалуулуктарды кеңири жайылтуу.

Автор
Редактор
16:30, 22-02-2025

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Спорт