Токмок шаарындагы жаңы заманбап турак жай комплексинин мезгил кутучасы орнотулду
КРнын Президентинин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана МИКтин төрагасы Темирбек Балтабаев Токмок шаарындагы жаңы заманбап турак жай комплексинин мезгил кутучасын орнотушту.
Токмок шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан бул комплекс 15 кабаттуу 31 блоктон туруп, өзүнө жалпысынан 2 290 батирди камтыйт! Шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жашоо шарттары түзүлөт. Аталаган ТЖКда балдар үчүн мектеп, бала-бакчалар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.
Жаңы комплексте 1,2 жана 3 бөлмөлүү батирлер бар, алардын саны:
– 1 бөлмөлүү батирлер – 654 даана
– 2 бөлмөлүү батирлер – 1440 даана
– 3 бөлмөлүү батирлер – 196 даана
Батирлердин жалпы аянты 184 835,06 м² түзөт.
Мындан тышкары, 7 блоктун биринчи кабаттарында коммерциялык жайлар үчүн аянт бөлүнгөн. Бул бизнес жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Токмок шаарында курула турчу ТЖК
кезекте турган жарандарга жана үлүштүк ипотека боюнча батир алган жарандарга берилет.