Маалымат бизден башталат

 Кантта жаңы заманбап көп батирлүү турак жай комплексинин мезгил кутучасы салынды

МИК тарабынан Кант шаарында жаңы заманбап көп батирлүү турак жай комплексинин мезгил кутучасы салынды. Маалыматты аталган мекеменин пресс-кызматы билдирди. 

    Маалыматка караганда, аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев жана МИКтин төрагасы Темиркул Балтабаев катышып, курула турчу объект боюнча элге маалымат берди.
    Жалпысынан 72 блоктон турган 5 кабаттуу комплекс 2 160 батирден турат. 
– 1 бөлмөлүү батирлер – 432
– 2 бөлмөлүү батирлер – 1 296
–  3 бөлмөлүү батирлер –432
Жашоочулар үчүн төмөнкүдөй шарттар каралган:
– 750 орундуу заманбап мектеп;
– 280 орундуу бала бакча;
– ТЖКнын өзүнүн отканасы;
– Балдар үчүн оюн аянтчалары;
– 1 290 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай;
– Жашоочулар үчүн эс алуу зоналары;
– Экологиялык таза электроэнергия үчүн күн панелдери;
– Суу бөлгүч кудук жана тазалоочу курулмалар;
Курулуш аянты жалпы 27,8 га түзөт.
  " Кант шаарында шаарында курула турчу ТЖК кезекте турган жарандарга жана үлүштүк ипотека боюнча батир алган жарандарга берилет.
    Заманбап архитектуралык жана инженердик чечимдер колдонулуп, коопсуз жана ыңгайлуу чөйрө түзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта. 

Автор
Редактор
17:50, 14-02-2025

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Спорт