Маалымат бизден башталат

Дүйнө таанымды, маданий баалуулукту жайылтуу максатында. Бишкекте “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли тартууланат

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгынын негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун  чыгармасы боюнча  “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзиклин тартуулайт.
22-февралда саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясында мюзиклдин бет ачары болот. Ал эми 24-28-февралга чейин жалпы көрүүчүлөр үчүн уланат. Аталган  мюзикл аркылуу улуу өнөр касиети менен бирге кыргыз элинин дүйнө таанымын, маданий баалуулугун, каада-салттарын, тилин коомго кеңири таанытып жана таалим-тарбия иретинде жаштар арасында жайылтууну максат коюлган.
Аталган мюзиклде бири бирин чын дилинен сүйүшкөн эки ашык Раймалы менен Бегимайга болгон элдин сүймөнчүлугүнө карабастан, залимдиги башынан ашкан бир ууч түркөй коомдун курмандыгы болгон татаал тагдыры чагылдырылган.  

Долбоордун автору жана жетекчиси: КР эл артисти Кыргызбай Осмонов    
Либреттосун жазган: КР Эл акыны Аалы Туткучев 
Коючу-режиссер: Умарбек Кадыров    
Режиссер: Айнура Качкынбек кызы    
Музыкасын жазгандар: КР эл артисти Рысбек Жумакунов, Айжамал Алибаева, Мирлан Абдыраев, Эламан Каныбеков
Сүрөтчү-коюучу: Мариям Аблакова
Бийин койгондор: Эрлан Камытбеков, Тилек Кийизбаев
Хореограф: Жылдыз Абдырахманова
Ырлардын автору: Акбар Кубанычбеков
Хормейстер: Айтурган Турдугулова
Костюмдар боюнча сүрөтчү: Жамийла Стамбекова
Координатор: Данияр Байгожоев
Продюсер: Медербек Арапбаев
Көркөм жетекчиси: КР эмгек сиңирген артисти Болот Тентимышов

Автор
Редактор
17:06, 14-02-2025

Экономика

Спорт

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Коом

Дүйнөдө