Ататүрк паркы боюнча чечим. Конституциялык сот түшүндүрмө берди
Конституциялык сот Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагында жеке жактарга берилип кеткен жерлерди мэрияга кайтаруу боюнча арызга байланыштуу чыгарган корутундусуна түшүндүрмө берди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга, анын ичинде мурда кабыл алынган актыларды өз алдынча жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек экени жазылган.
Бирок чечимдер мыйзамдын чегинде, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” кониституциялык мыйзамдын, Жер кодексинин жана башка ченемдик укуктук актылардын нормалары менен гана ишке ашышы керектиги жазылган.
Эгерде кайсы бир акт жеке менчиктеги мүлктү анын ээсинин маккулдугусуз алып коюуга жол ачата турган болсо бул мыйзамсыз экени, ал акт соттун чечими менен гана жараксыз деп табылары белгиленген. Конституциялык сот жер тилкесин алып коюу, ага байланыштуу маселе бир гана сот тарабынан чечилерин эскертти.
Бишкек шаардык мэриясы 12-февралда Конституциялык сот Ататүрк паркы боюнча мэриянын чечимин мыйзамдуу деп тапканын билдерген.
Конституциялык сотко Ататүрк паркынын четинде үйү бар жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жана адвокат Самат Матцаков кайрылган. Арызда Бишкек мэринин Ататүрк паркы жөнүндө токтомунун мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү жазылган. Конституциялык сот 29-январда арызды карап, чечим кабыл алган.
Мэрия ошол чечимге таянып, парктагы жеке жактарга берилген жер тилкелерди кайтаруу чечими мыйзамдуу жана Конституцияга каршы келбейт деп таанылганын кабарлаган.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылы 16-апрелде Ататүрк паркынан турак жай курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген. 1992-жылдагы токтомдо парктын аянты 107 гектар деп аныкталганын жана турай жайлардын жери паркка кайтарылышы керектигин айткан. Ал үчүн 43 гектар жерди кайтарып алуу боюнча токтом чыккан.
Булак: Азаттык кж