ВИДЕО-Өгөй кызы менен болгон интимдик видеолорду чыгарам деп. Жалал-Абадда блогер кармалды
2025-жылдын 13-февралында, КР УКМК тарабынан “Instagram” платформасында 200 000 катталуучусу бар популярдуу блогер Р.к.Ч аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.
Аталган Р.к.Ч. аттуу блогер, Сузак районунун тургуну И.Т.Д.ны өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон делген жасалма сүрөт/видеолорду таркатам деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, Р.к.Ч. күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган.
Андан соң даярдалган фото/видео материалдарды колдонуп, өгөй кызы менен интимдик мамиледе деп шантаж кылып И.Т.Д.дан 184 миң сом акча талап кылган.
Учурда кармалган жарандын кылмыш ишинин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК Р.к.Ч.нын иш-аракетинен жабыр тарткан адамдарды КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына же, 0995 012 210, 03722 5-60-49 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөт!