Маалымат бизден башталат

Светлана Тапаева: Башталгыч класстын окуучуларынын арасында сынак өтүүдө

Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борборунун директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Светлана Тапаева менен маектештик.
- Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору балдарга кошумча билим берерин билебиз. Ошол эле учурда мугалимдер үчүн да тренингдер өтүлүп турабы?
- Ооба, биздин борбор балдарга жана өспүрүмдөргө экология, аймак таануу жана туризм жаатында мектептен тышкаркы учурда кошумча билим берет. Тагыраагы, аталган багыттар боюнча ийримдер иштейт. Мына ошол ийримдерибизди жетектеген мугалимдерибиздин кесибин жогорулатуу жана аларга алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар менен таанышытыруу максатында, семинарлар, тренингдер өтүлүп турат. Ошондой эле республикадагы балдар чыгармачылык борборлорунун жана жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдерине да тажрыйба бөлүшүү иретинде тренингдер өтүлүүдө.
- Азыр билим берүү мекемелеринде аял мугалимдер басымдуулук кылат. Сиздердин борбор балдарга кошумча сабак берүүдө эркек мугалимдерди тартуу жаатында кандай иштерди жасап жатат. Деги эле канча агай менен кызматташасыңар?

- Башка билим берүү мекемелери сыяктуу биздин мекемеде да агайлар жетишсиз. Бизге негизинен агайлар көбүрөөк талап кылынат, себеби билим берүүбүздүн багыттары ошону талап кылат. Тоо койнуна, бийик чокуларга жана тарыхый-маданий жайларга окуучуларыбызды көп алып барабыз. Ушул жагдайдан алганда, бизге агайлар көп болсо жакшы болот эле. Агайларды жакшы эле өзүбүзгө тартууга аракет кылабыз. Бирок, баягы  эле айлык маселелеринен улам кармай албай жатабыз. Тилекке каршы, эмгек жамаатыбыздын 15%ы гана агайлар.
- Кошумча сабак берүүчү мугалимдерди кандай критерий менен тандайсыздар?
- Бизге негизинен кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, тарых, география, биология, химия, дене тарбия мугалимдери ошондой эле туризм, экология адистери талап кылынат. Тандоо критерийлери боюнча айтсак, өз кесибин сүйгөн адам болушу керек. Балдар менен иштей алышы, жаш өзгөчөлүктөрүнө карай балдар психологиясын жакшы билиши зарыл. Чыгармачыл, ден соолугу чың, талаа-түзгө тың болсо жакшы болот. Жалпысынан жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдерине коюлган талаптардан анча айырмаланбайт.
- Ата-энелер жана башталгыч класстардын окуучулары арасында китеп окуу сынагын уюштуруп жатыпсыздар. Ошол жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?
- Таалим басма үйүнүн колдоосу менен бул сынак өткөрүп жатабыз. Окуучуларга китеп оку деп айтуу менен чектелбестен, биз өзүбүз колубузга китеп кармап, аларга үлгү болушубуз керек. Ошондуктан ата-энелердин арасында китеп окуу сынагын жарыялаганбыз. Башкыр элинин жазуучусу Айгис Баймухаметовдун “Мен кушка айланам” деген китебин окуу боюнча сынак жарыялаганбыз. Ал китептин мазмуну ажырашкан үй бүлөдөгү баланын кыйналган турмушун чагылдырат. Учурда бул сынак Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жүрүп жатат. Ата энелер китепти окуп чыгып, бизге эссе жазып беришет. Биз ошонун негизинде жеңүүчүлөрдү аныктап, баалуу белектерибизди тапшырабыз.

Мектеп окуучуларынын арасында сынак болгондо дайыма башталгыч класстарды этибарга албайт экенбиз. Биз бул жолу дал ошолордун арасында сынак жүргүзүп жатабыз. Түрк жазуучусунун “Менин акрам уча алат” деген китебин тандаганбыз. Ал китепте сүрөт тартууга кызыкпаган баланы сүрөткө кызыктырган агай тууралуу жазылган. Балдар ал китепти окуп чыгып, анын негизинде сүрөт тартышат. “Менин акрам турист”, “Менин акрам эколог” деген эки номинация боюнча сүрөт тартып жөнөтүшөт. Окуучулар 10 күн ичинде китепти окуп, бизге сүрөт тартып жөнөтүшү зарыл. Учурда бул сынак Бишкек шаарында өтүп жатат. Бул сынакты башка мектептерде өткөрүү планыбыз бар.
-Президенттин “уңгужол” жарлыгынын алкагында кандай иштер аткарылып жатат?
- Ак Ордо конушундагы №96 мектепте өлкө башчыбыздын “уңгужол” жарлыгынын алкагында мектеп окуучуларына улуттук оюндарды үйрөтүү боюнча кружогубуз бар. Анда боз үй тиккенди улуттук оюндарды ойногонду үйрөтүшөт.

Автор
Редактор
13:59, 14-02-2025

Экономика

Спорт

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Коом

Дүйнөдө