ВИДЕО-Жүрөк хирургиясынан чыккан өрт. ӨКМ буга чейин эскертүү берилгенин айтты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан буга чейин өрт коопсуздук эрежелерин бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берилип, кийин айып пул да салынгандыгын кабарлашты.
Тактап айтканда, өрт коопсуздугунун алдын алуу, материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында 2024-жылдын 26-мартында №00-03 текшерүү актысынын негизинде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуулар берилген.
Анын жыйынтыгында эскертме жазуулар толук кандуу аткарылбагандыктан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 143-беренесине таянып 230 көрсөткүч эсебинде 23000 сом административдик айып салынган. Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилген.
Маалым болгондой, кечээ, 11-февраль күнү кечинде аталган институттан өрт чыгып, Бишкек шаардык башкармалыгынын өрт өчүрүүчү 6 күжүрмөн эсеби, 2 автошатысы тартылды. Мындан сырткары жеринде ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев баш болуп Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, штаб иш алып барды.
Автор
Редактор
13:03, 12-02-2025