Арабтардан акча берилет деп айтышат. Абайлаңыз! Шылуундар пайда болду
Айыл чарба министрлигинин атын жамынып, соцтармактарда жалган маалымат тараткан жаңы шылуундар пайда болду
WhatsApp тайпаларында тараган аудио билдирүүдө Бириккен Араб Эмирликтери жакында Айыл чарба министрлигине ири суммада акча берип, ал айылдагы чоң сарайы бар малчыларга таратылары айтылат. Ведомство бул маалыматты төгүндөп, азыр сырттан эч кандай каражат келбей турганын, келсе дагы кредит же грантты берүүнүн тартиби, процедурасы бар экенин эскертет.
Автор
Редактор
17:56, 11-02-2025