Маалымат бизден башталат

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Тынчтык Шайназаров шайланды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын  Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында
Н.Шайлдабекова өз арызы боюнча төраганын кызмат ордунан бошотуу тууралуу арызын
берди, аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү канааттандырды.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын
Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы төрагасы болуп шайланды.
Эске сала кетсек, Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясын 2016-жылдан бери
жетектеп келген.

 Жаңы шайланган Тынчтык Шайназаровдун ѳмүр баяны
1974-жылы 27-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган.
Билими:
• 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридикалык факультетин
«Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
 
Эмгек ишмердүүлүгү:
• 07.2021 – ушул күнгө чейин: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары.
• 09.2020 - 07.2021: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын мүчөсү.
• 11.2010 - 12.2020: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

• 08.2009-04.2010: Жалал-Абад шаарынын прокурору.
• 08.2007 – 08.2009: Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы.
• 2004-2007: Ош облусу боюнча кылмыш иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги.
• 2003-2004: Ош облусу боюнча кылмыш иликтөөнү көзөмөлдөө секторунун прокурору.
• 2001-2002: Ош облусунун прокуратурасынын улук тергөөчүсү.
• 1999-2001:Ош облусунун прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө
бөлүмүнүн прокурору.
• 1997-1999: Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасында тергөөчү.
09.1996 — 11.1997: Чоң-Алай районунун прокуратурасынын тергѳѳчүсү.
Квалификациясы жана сыйлыктары:
            • Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2022).
            • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.
            • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Автор
Редактор
15:25, 11-02-2025

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Спорт