Маалымат бизден башталат

"Эмдөө ден соолукка керек". Журналисттер үчүн тренинг өтүүдө

Бүгүн, 6-февралда "Супара" этно-комплексинде өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө эмдөө тууралуу тренинг өтүүдө. Тренингде эмдөө канчалык деңгээлде адамдын ден соолугуна таасир берерин, балдарга эмдөө керек экендиги тууралуу маалыматтар айтылууда. Ошондой эле Кыргызстандагы кызамык тууралуу кырдаал тууралуу статистика көрсөтүлдү.

"Өлкөдө эмдөө тууралуу туура эмес маалыматтар таратылып, көпчүлүк ата-энелер түшүнбөстүктөн балдарын эмдөөдөн өткөрбөй коюшууда. Биз вакцинанын курамында эмне бар экенин, ал канчалык керек экендигин түшүндүргөндө гана эмдөөгө келишет. Эмдөө бала үчүн абдан керек жана оорулардын алдын алууга олуттуу таасирин тийгизет",-деди КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Сатыгуловна. 


                
Автор
Редактор
15:14, 06-02-2025

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Спорт