Чүйдө Рокки аттуу ит дубалга катылган бангизатты тапты
Чүй облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери баңгизаттардын партиясын конфискациялашты.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-январь күнү кечинде Ысык-Ата районунун айылында 1990-жылы туулган А.А.нын үйүн тинтүү учурунда целлофанга оролгон кара куурайдын мүнөздүү жыты бар 12 баштык баңгизат табылган. Контролдук таразалоо учурунда алынган заттын жалпы салмагы 286 граммды түзгөн. Тинтүү учурунда БМЖККК кинологиялык борборунун "Рокки" аттуу кызматтык изилдөөчү ити тартылган.
Экспертизанын маалыматы боюнча, бул каннабис чайыры (гашиш) болуп саналат.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козготулган.
Эркек киши кармалып, Жайыл районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.