12 жылдык окууга өтүү менен бала бакчадагы даярдоо тайпалары жоюлат
12 жылдык окууга өтүү менен бала бакчадагы даярдоо тайпалары жоюлат. Мындай маалыматты Билим берүү министрлигинин адиси кабарлады.
"12 жылдык окуу башталгандан кийин 6 жаштагы бөбөктөр бала бакчага кабыл алынбайт. Алар автоматтык түрдө мектепке барыш керек болуп калат. Эгер баланын майыптыгы бар болсо же ооруп калса, алар бир жыл кеч барса болот. Калган балдар 6 жаштан баштап окуп баштайт. Бала бакчаларда жогорку тайпа эле калат. Бала 6 жашынан мектепке жүйөлүү себеп менен барбай калса, мектепке атайын комиссия менен кабыл алынат", — деди Мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде.
Ал гимназия, лицейлер жоюлганын белгилеп, балдарды ата-энелер үйүнүн жанындагы гана мектепке бериши керектигин айткан. Ошондой эле 6 жаштагы балдарга сабактар оюн түрүндө жеңил өткөрүлүп, шарт, графиктерин бала бакчалардыкына окшоштуруу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалаган.
Булак: Спутник кж