Куйруктуу "Арашан" кочкорлорду уурдагандар кармалды
2024-жылдын 29-декабрында Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) арыз
менен Өрнөк айылынын 1970-жылы туулган тургуну И.Ж. кайрылган. Арызында ал, 28-
декабрдан 29-декабрга караган түнү Өрнөк айылындагы өзүнө тиешелүү кашардан эки
баш арашан тукумундагы кочкорлорун жана бир баш козусун белгисиз адамдардын
уурдап кеткенин билдирген.
Арыздануучу келтирилген чыгымдын жалпы суммасын 300 000 сом деп көрсөткөн.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБде КРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-
жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-
чараларынын натыйжасында, уурулукка шектелген төрт адам кармалган. Алар: Чүй
облусунун Кемин районунан 1990-жылы туулган Т.Р., мурда сот жообуна тартылган 1987-
жылы туулган У.Э., Бишкек шаарынан 1987-жылы туулган С.У. жана 1992-жылы туулган
П.А. болуп чыккан.
Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүүлөр тергөө учурунда 1 айга
убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө амалдары уланууда.