"Тажатышты". Алымкадыр Бейшеналиев министрлик кызматтан кетти
Алымкадыр Бейшеналиев эмне үчүн кызматтан кеткенин түшүндүрдү.
“Ушундай кылышка туура келди. Депутаттар каалады, мен кеттим. Жума күнү депутаттарга бир аз туура эмес жооп берип алдым эле, тажатышты. Айтылган сөзгө жооп бериш керек. Ишемби, жекшемби күндөрү үй-бүлөм менен сүйлөшүп, чечимге келдим. Жубайым катуу ооруп жатат, аны карашым керек. Президенттен сурандым, ал дагы эс ал деди”, — деп билдирди Бейшеналиев бизге.
Эске салсак, өткөн жумада депутаттар министрдин "Кыргызфармация" жана башка тармактар боюнча катуу сынга алышкан эле.
Автор
Редактор
12:26, 03-02-2025