Журналисттер КГТУдагы «Лу Бань кесипканасынын» заманбап технологиялары менен таанышты
Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине барып, кыргыз-кытай кызматташтыгынын алкагында түзүлгөн «Лу Бань кесипканасы» окуу-инженердик борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө журналисттерге студенттердин заманбап инженердик технологияларды өздөштүрүү жана инновациялык жабдуулар аркылуу практикалык билим алуу процесси көрсөтүлдү.
Өзгөчө кызыгууну интеллектуалдык технологиялар жаратты. Атап айтканда, студенттердин абалын талдап, алардын чарчоо деңгээлин, сабакка болгон кызыгуусун жана окуу процессине катышуусун аныктай алган атайын камеранын иштөө принциби көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, курулуш материалдарынын жана панелдердин бекемдигин текшерүүчү жабдуулар менен тааныштырышты. Бул технологиялар курулуш конструкцияларынын сапатын, ишенимдүүлүгүн жана ар кандай жүктөмдөргө туруктуулугун баалоого мүмкүндүк берет.
Ошондой эле заманбап энергетикалык жана гидротехникалык технологияларга өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар күн панелдери аркылуу электр энергиясын алуу технологиялары, суунун кыймылын, басымын жана гидротехникалык системалардын иштөө принциптерин көрсөтүүчү лабораториялык жабдуулар менен таанышты.
Мындай технологиялар студенттерге теориялык билимди практика менен айкалыштырып, энергетика, курулуш жана суу ресурстары тармагындагы заманбап чечимдерди өздөштүрүүгө шарт түзөт.