Отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов Самарканд эл аралык марафонунда өз курак категориясында жеңүүчү аталды
Кемелбек Киязов Самарканд эл аралык марафонунда өз курак категориясында жеңүүчү аталды
Отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өткөн эл аралык марафонго катышып, 42,2 чакырымдык классикалык аралыкты 4 саат 7 мүнөт 12 секундда ийгиликтүү багындырды.
Марафондун жыйынтыгында ал өзүнүн жаш курак категориясында биринчи орунду ээлеп, алтын медаль жана диплом менен сыйланды.
Мындан тышкары, Кемелбек Киязов «Түрк элдеринин марафондор альянсы» (TAN) программасын ийгиликтүү аяктады. Ал аталган альянстын алкагында 60 жаштан жогорку курак категориясында марафонду ийгиликтүү жыйынтыктаган Кыргыз Республикасынын алгачкы өкүлү болду. Бул жетишкендиги үчүн атайын эстелик медаль, ал эми 42,2 чакырымдык аралыкты толук басып өткөндүгү үчүн финишер медалы тапшырылды.
Ошентип, спортчу Самарканд марафонунда жалпысынан үч медалга ээ болду: өз курак категориясындагы жеңиши үчүн алтын медаль, TAN программасын аяктагандыгы үчүн эстелик медаль жана марафондук аралыкты ийгиликтүү багындыргандыгы үчүн финишер медалы.
Белгилей кетсек, Самарканд марафону Кемелбек Киязов үчүн 42,2 чакырымдык классикалык аралыктагы 15-марафон болду.
Спортчунун машыктыруучусу — СССРдин спорт чебери Леонид Геннадьевич Пыхтеев. Машыктыруучунун кесипкөйлүгү, мол тажрыйбасы жана үзүрлүү насаатчылыгы Кемелбек Киязовдун спорттук ийгиликтерине чоң салым кошуп келет.
Кемелбек Киязов бул жеңишин Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына арнады.
Ошондой эле жакында Кемелбек Киязов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, «Чүй облусунун ардактуу атуулу» деген ардактуу наамга татыганын белгилей кетүү керек.
Кемелбек Киязовдун бул ийгилиги жаш курак спорттук жетишкендиктерге тоскоолдук боло албастыгын дагы бир жолу далилдеди. Анын эркинин күчү, максатка умтулуусу, темирдей тартиби жана спортко болгон берилгендиги көпчүлүккө үлгү.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы Кемелбек Киязовду кезектеги жеңиши менен куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр жана мындан аркы спорттук ийгиликтерди каалайт!