Маалымат бизден башталат

Репутацияны кантип коргоо керек? Журналистика институтунда мастер-класс өттү

5-ноябрда Журналистика жана коммуникация институтунда Эл аралык илим күнүнө карата П.Лумумба атындагы Россия эл аралык достук университетинин (РУДН) филология факультетинин массалык коммуникациялар кафедрасынын доценти Андрей Викторович Яблонскихтин катышуусунда практикалык мастер-класс өттү. Ал «Кадыр-баркты башкаруу» (“Управление репутацией”) аттуу китебин тааныштырып, кризиске каршы башкы куралдар менен бөлүштү.

Мастер-класстын негизги ойлору:

* Маалыматтык чабуулдардын максаттары жана алардын кыска, орто жана узак мөөнөттүү таасири.

* Кризистик кырдаалда коргонуу, жооп кайтаруу же бейтарап позицияны тандоо.

* ЖМК, блогерлер жана социалдык тармактар аркылуу репутацияны башкаруу.

* Негиздүү сын-пикирлерди туура кабыл алуу жана жалган маалыматтарды фактылар аркылуу четке кагуу.

* Ишенимдүү кардарлардын жана коомчулуктун колдоосунун мааниси.

Мастер-класс студенттерге санариптик коммуникациянын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө, маалыматтык чабуулдарды айырмалоого жана репутацияны коргоонун натыйжалуу жолдорун үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Молдобекова Каныкей,

Ишенбекова Нурай,

Медекеева  Бегай,

Мирланбек кызы Сезим

 

Автор
Редактор
17:03, 05-11-2026

Кылмыш

Маданият

Спорт

Коом

Экономика

Саясат

Дүйнөдө

Илим-билим