КУУнун ректору Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди жана медиа кызматкерлерин куттуктады
2026-жылдын 6-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Журналистика жана коммуникация институтунун жана университеттин Басма сөз кызматынын кызматкерлерин кабыл алып, кесиптик майрамы менен куттуктады.
Салтанаттуу жолугушууга биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, аймактык маселелер боюнча проректор Кундузгүл Базакеева жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор жана проректорлор Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк баштаган жалпы жамааттын университеттин өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалашты. Ошондой эле өлкө үчүн кесипкөй журналисттерди жана медиа адистерин даярдоодогу үзүрлүү эмгегин белгилеп, институттун Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде ири телерадиокорпорация — УТРК менен түзгөн тыгыз кызматташтыгынын маанилүүлүгүнө токтолушту.
Кесиптик майрамга карата университеттин өнүгүшүнө, билим берүү жана маалымат тармагына кошкон салымы үчүн Журналистика жана коммуникация институтунун төмөнкү кызматкерлери «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланышты:
- Калчаева Лира Темирбековна — «Медиакоммуникациялар» ОКББнын жетекчиси, «Телевидение» билим берүү программасынын улук окутуучусу;
- Керимова Бегимай Жаныбековна — «Телевидение» билим берүү программасынын улук окутуучусу;
- Джаныбекова Перизат Джаныбековна — «Баласагын» радиостудиясынын адиси;
- Дастан уулу Адилет — «Баласагын ТВ» студиясынын жетекчиси.
Ошондой эле аталган юбилейлик медаль менен КУУнун Басма сөз кызматынын башкы адиси (журналист) Бегимай Бактыбек кызы, адис-сүрөтчүлөр Байэл Бактыяров жана Муслима Абдилдаева сыйланышты.
Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана медиа тармагында эмгектенген адистерди кесиптик майрамы менен дагы бир жолу куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү жана маанилүү ишине ийгиликтерди, чыгармачылык дем-күч жана жаңы жетишкендиктерди каалады.