Маалымат бизден башталат

ДКО-2026: Ат чабыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

ДКО-2026: Ат чабыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

ЧОЛПОН-АТА, 4-сентябрь — Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат чабыш боюнча мелдештер өттү.

Спорттук иш-чарада кыска аралыкка ат чабыштын 1600, 2400 жана 3200 метрлик түрлөрү, ошондой эле бышты жорго, жорго салыш, кунан чабыш жана аламан байге боюнча жарыштар уюштурулду.

Кыска аралыкка ат чабыш — 1600 метр:

  • 🥇 Хутулун (Тажикстан) — 1 млн сом;
  • 🥈 Метеор (Кыргызстан) — 800 миң сом;
  • 🥉 Айсулуу (Кыргызстан) — 500 миң сом;
  • 4-орун — Байтору (Кыргызстан) — 300 миң сом.

2400 метр:

  • 🥇 Зерек (Казакстан) — 1 млн сом;
  • 🥈 Бакара (Кыргызстан) — 800 миң сом;
  • 🥉 Козмик Дон (Казакстан) — 500 миң сом;
  • 4-орун — Падиша (Кыргызстан) — 300 миң сом.

3200 метр:

  • 🥇 Берил Рэйсер (Казакстан) — 1 млн сом;
  • 🥈 Эл Орда (Казакстан) — 800 миң сом;
  • 🥉 Желдыкара (Казакстан) — 500 миң сом;
  • 4-орун — Бирман (Кыргызстан) — 300 миң сом.

Бышты жорго — 6000 метр:

  • 🥇 Эрке (Кыргызстан) — 1 млн сом;
  • 🥈 Колонвууд (Кыргызстан) — 800 миң сом;
  • 🥉 Паджет (Кыргызстан) — 500 миң сом;
  • 4-орун — Банзай (Казакстан) — 300 миң сом.

Жорго салыш — 11 000 метр:

  • 🥇 Акжолтой (Кыргызстан) — 1,5 млн сом;
  • 🥈 Императрица (Кыргызстан) — 1 млн сом;
  • 🥉 Энесай (Россия) — 800 миң сом;
  • 4-орун — Славный Лок (Кыргызстан) — 500 миң сом.

Аламан байге — 25 000 метр:

  • 🥇 Айман (Казакстан) — 1,5 млн сом;
  • 🥈 Көксерек (Казакстан) — 1 млн сом;
  • 🥉 Карагаш (Казакстан) — 800 миң сом;
  • 4-орун — Сармат (Казакстан) — 500 миң сом.

Кунан чабыш — 12 000 метр:

  • 🥇 Нұршашу (Казакстан) — 1 млн сом;
  • 🥈 Париж (Кыргызстан) — 800 миң сом;
  • 🥉 Бестау (Казакстан) — 500 миң сом;
  • 4-орун — Принц Коннект (Казакстан) — 300 миң сом.

Жарыштардын жыйынтыгында байге ээлерине белгиленген өлчөмдө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Автор
Редактор
00:55, 06-09-2026

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Спорт

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Маданият