Маалымат бизден башталат

Көчмөндөр оюндары: Үч күрөш түрү боюнча байге ээлери аныкталды

ДКО-2026: Хапсагай, гуштини милли камарбанди жана гюлеш боюнча мелдештер жыйынтыкталды

ЧОЛПОН-АТА, 4-сентябрь — Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында күрөштүн үч түрү — хапсагай, гуштини милли камарбанди жана гюлеш боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Гюлеш боюнча мелдешке жалпысынан 16 спортчу катышты. Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 🥇 1-орун — Мостафа Наджафи Калатехеи (Иран);
  • 🥈 2-орун — Раван Мусаев (Азербайжан);
  • 🥉 3-орун — Айбек Касманбетов (Кыргызстан);
  • 🥉 3-орун — Зыямухаммет Сапаров (Түркмөнстан).

Гуштини милли камарбанди боюнча мелдешке 20 мамлекеттен келген спортчулар катышты. Байгелүү орундар:

  • 🥇 1-орун — Фирдавс Юриев (Тажикстан);
  • 🥈 2-орун — Азамжон Анваржанов (Өзбекстан);
  • 🥉 3-орун — Кайратбек Тойчиев (Кыргызстан);
  • 🥉 3-орун — Бегли Халмаммедов (Түркмөнстан).

Ал эми хапсагай боюнча мелдеште 27 мамлекеттин өкүлдөрү күч сынашты. Жыйынтыгында:

  • 🥇 1-орун — Никита Хабаров (Россия);
  • 🥈 2-орун — Тусигэ (Кытай);
  • 🥉 3-орун — Баатаржав Мунхбаяр (Монголия);
  • 🥉 3-орун — Сардорбек Холматов (Өзбекстан).

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Биринчи орунду ээлеген спортчуларга 100 миң сомдон, экинчи орунга 80 миң сомдон, үчүнчү орунга 50 миң сомдон берилди.

Белгилей кетсек, мелдештер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасынын алкагында өттү.

Автор
Редактор
00:53, 06-09-2026

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Спорт

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Маданият